Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:13

Жогорку чыңалуудагы Алай-Баткен электр линиясы ишке кире элек


БАТКЕН. Жогорку чаңылуудагы Алай-Баткен электр линиясынын курулушу аяктап, ушул шейшембиде пайдаланууга берилгенин бул курулушту ишке ашырган Россиянын "Технопром экспорт" ишканасынын басма сөз катчысы Алексей Салухтун билдирүүсүнө таянып, Орусиянын "Новости" маалымат агенттиги кабарлады. Бул маалыматты аталган агенттикке шилтеме жасоо менен 11-майда Кыргызстандын айрым маалымат агенттиктери да кабарлады. Ал эми Баткен облустук акимчилигинин өнөр жай жана курулуш бөлүмүнүн башчысы Адыл Казаковдун шаршемби күнү "Азаттыкка" билдиргенине караганда, 131 чакырым узундуктагы Алай-Баткен электр линиясынын курулушу аяктаганы менен азырынча пайдаланууга бериле элек. Аны мамлекеттик комиссия карап чыгып, кабыл алган соң гана ишке киргизилет. Аталган линиянын курулушун Ислам өнүктүрүү банкы 10 миллиондон ашуун АКШ доллар өлчөмүндө каржылаган.

XS
SM
MD
LG