Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:28

Дарыгерлердин айлыгы көбөйүп жатат


БИШКЕК. Кыргызстанда соңку жылдары дарыгерлердин жана жалпы медициналык кызматкерлердин айлыгы бир жарым эсеге көбөйдү. Ал эми оорулуунун бир күндүк тамагына бөлүнгөн каражат 3 эсеге, дары-дармекке деген акча 2 эсеге көбөйдү. Мындай маалымат Бишкекте өтүп жаткан «Саламаттык сактоону каржылоодогу Кыргызстандын тажрыйбасы» деп атлаган эл аралык конференцияда жарыяланды. Анда сөз сүйлөгөн Жогорку Кеңештин депутаты Ташболот Балтабевдин айтымында, Саламаттык сактоо министрлигинин бул бүтүмү чындыктан алыс. Депутаттын пикиринде, мамлекет бул тармакта өз мойнуна алган милдеттерди аткара албай жатат. Ошондой эле учурда Кыргызстанда медициналык кызматкерлер эң төмөнкү айлык менен күн көрүп атканын баса белгиледи.

XS
SM
MD
LG