Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:28

Нарында партиялар боюнча жыйын өттү


НАРЫН. "Демократия жана жарандык коом үчүн" уюмунун облустук өкүлчүлүгү жана Нарын шаарындагы демократияны колдоо боюнча маалымат борбору биргелешип "Партиялар аралык дебаттар" аттуу "тегерек үстөл" жыйынын өткөрүштү. Анда Кыргызстан коммунисттери партиясынын Нарын райондук комитетинин төрагасы Имаш Жамгырчиев бийлик саясий партиялардын баарына текши мамиле кылбай жатат деп билдирди. Ал эми "Менин өлкөм" партиясынын облустук уюмунун лидерлеринин бири Зарылбек Арыкулов бюджеттик тармактарда иштеген адамдар "Менин өлкөм" партиясына кирүүдөн ыркырап качышууда дейт. Тескерисинче, бул дебатта "Алга, Кыргызстан" партиясынын мүчөлүгүнө мамлекеттик чиновниктер, ишкерлер, бюджетте иштегендер күч менен өткөрүлүүдө деген пикирлер айтылды. Бирок мындай кептерге "Алга, Кыргызстан" партиясынын облустук комитетинин төрага орун басары Нурлан Максүталиев макул эмес.

XS
SM
MD
LG