Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:01

Спикер Пакистандын президенти менен жолугушту


БИШКЕК. 13-майда Эл өкүлдөр жыйынынын спикери Алтай Бөрүбаев башында турган депутаттык делегация Исламабадда Пакистандын президенти Первез Мушарраф менен жолугушту. Тараптар эки мамлекет ортосунда кызматташтыкты бекемдөө жана терроризмге каршы күрөш тууралуу пикир алышты. Бул Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасынын Пакистандын лидери менен болгон экинчи жолугушуусу. Пакистандын «Дейли Ньюс» гезити жазганга караганда, Пакистан Ооганстандагы талиб режими кулагандан кийин Борбор Азия мамлекеттери менен болгон мамилелерин кайра карап чыгуу аракетин жасап жатат. «Кыргыз делегациясынын бул сапары ага ташталган дагы бир кадам» деп жазат «Дейли ньюс».

XS
SM
MD
LG