Линктер

жума, 26-май, 2017 Бишкек убактысы 02:24

Одессада автобус поезд менен кагылышты


ОДЕССА. Украинанын түштүгүндө жайгашкан Одесса облусунда автобус поезд менен кагылышып, 15 киши каза тапты жана 24 киши жараат алды. Украинанын Өзгөчө кырдаал министрлигинин маалымдашынча, кырсык темир жолдун кайтарылбаган бөлүгүндө болгон. Автобус темир жолдон өтө берээрде, келип калган поезд аны илип кетип, бир нече жүз метрге сүйрөп барган.

XS
SM
MD
LG