ТАЛАС. Август айында Грецияда өтүүчү олимпиадалык оюндарды грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандан баруучу 5 спортсмендин экөө Таластын кулуну. Курама команданын машыгуу планына ылайык олимпиадага даярдыктын бир бөлүгү Таласта өтүп жатат. Бүткүл дүйнөлүк мелдешке даярданып жаткан спортсмендерди 19-май күнү облус губернатору Искендер Айдаралиев, облустук кеңештин төрагасы Шералы Абдылдаев кабыл алышты. Ага коомчулуктун өкүлдөрү, спортсмендердин Таластагы алгачкы машыктыруучулары, ата-энелери катышышты. Жолугушуунун соңунда 5 спортсменге чепкен жабылып, калпак кийгизилип, ак бата тиленди.