Израил аскерлери кечээ күнү Газа шаарында арабдардын демонстрациясына ракета атып, 10 адамды өлтүрдү, алардын бир тобу жаш балдар. Андан тышкары Рафах айылында дагы кагылышуу болуп, жөөт аскерлери эки араб согушкерин жана дагы эки өспүрүмдү өлтүрдү. Израилдин коргоо министри Шаул Мофаз карапайым адамдардын курман болгону үчүн кечирим сурады, АКШ өкмөтүнүн басма сөз катчысы Скотт Маклелландын айтымында болсо, окуянын чоо-жайы толук белгилүү болбогондуктан, Вашингтон ал тууралуу өз пикирин айта албайт:
-Эмне болгону жөнүндө биз Израил өкмөтүнүн түшүндүрмөсүн алууга тийишпиз. Биз бардык фактыны чогултуп бүтө элекпиз, эмне болгонун биз дагы толук биле элекпиз.
Европа Биримдиги жана Бириккен Улуттар карапайым адамдардын өлтүрүлгөнүн сынга алды.