Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:05

Ө.Текебаев облустук кеңешке шайлоолор 100% партиялык тизме менен өтүш керек деген пикирде


БИШКЕК. “Республиканын баардык облустарында, Бишкек, Ош шаарында шайлоолор пропорционалдык системада өтүш керек. Өлкөдө шайлоо партиялык тизмеде өтүш үчүн, ага байланыштуу иш-чара төмөнкү бийликтерден башталганы жөндүү. Облустук кеңешке шайлоо 100% партиялык тизме менен өтүүсү зарыл”, деп бүгүн Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу палатасынын отурумунда депутат Өмүрбек Текебаев билдирди. Анын сунуштаган “Облустук кеңештерге шайлоого пропорционалдык системаны киргизүү” тууралуу мыйзам долбоору көпчүлүк депутаттардын колдоосу менен кабыл алынды. Ошондой эле бүгүн “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору” тууралуу мыйзам долбоору талкууланып тоолуктоолор киргизилип, кабыл алынды. Ушул эле күнү депутатар тарабынан “Баатыр эне” сыйлыгы, “Жаш балдардын пособиеси”, “Транспортто жүрүүдө жеңилдиктерди берүү” тууралуу мыйзам долбоорлору кабыл алынды.

XS
SM
MD
LG