Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:36

Ар бир оппозиционердин тергелген аты бар


БИШКЕК. Тыңшоочу аппараттар боюнча иликтөө жүргүзгөн комиссиянын жыйынтыгы менен комиссия төрагасынын орун басары Алишер Абдимомунов тааныштырды. Анын билдирүүсү боюнча, комиссия адегенде тыңшоочу аппараттар Ички иштер министрлиги же Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан коюлган деген бүтүмгө келген. Бирок фактыларды дыкат иликтегенден кийин комиссия ал бир гана Улуттук коопсуздук кызматынын колунан келген деген жыйынтык чыккан.

Абдимомунов ага негиз берген материалдар менен толук тааныштырды. Комиссияга түшкөн материалдар боюнча, тыңшоочу аппараттар 2001-жылдын аягынан тарта коюлган. Ага Жогорку Кеңештин 10 депутатынын бардык аракеттерин аңдуу боюнча атайын иштердин ачылгандыгы негиз берет. Маселен, Адахан Мадумаровго «Тарыхчы», Өмүрбек Текебаевге «Марко Поло», Ишенбай Кадырбековго «Шаар башчы», Исмаил Исаковго «Согушчул», Бектур Асановго «Аюу», Апсамат Масалиевге «Ортодокс», Дооронбек Садырбаевге «Артист», Азимбек Бекназаровго «Юрист», Турсунбай Бакир улууна «Динчил», Баяман Эркинбаевге «Күрөшчү» деген аттар коюлуп, алардын жүргөн-тургандарын аңдуу милдети алдыга коюлган. Алишер Абдимомунов ар бир ишти аткарууга Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү милдеттүү болгондугун билдирип, алардын аты-жөндөрүн атап берди.

Депутаттардан тышкары бир катар укук коргоочулар, бейөкмөт уюмдар жана саясатчыларга да жашыруун ат коюлуп, алардын жашоо-турмушу тууралуу маалыматтар топтолгон.

XS
SM
MD
LG