Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:00

КЫРГЫЗ-ТҮРК ИШКЕРЛЕР ЖЫЙЫНЫ


Түркиялык ишкерлер Кыргызстандын курулуш, билим, банк, туризм тармактарына арбын инвестиция алып келишкени Бишкек жыйынында айтылды. Эки өлкөнүн экономикалык байланыштарын өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү толук пайдаланылбай жатканы да белгиленди. Ушу тапта Кыргызстанда онго жакын кыргыз-түрк биргелешкен ишканалары бар.

Кыргыз-түрк экономикалык карым-катыштын оозго аларлык ийгиликтери, орчун проблемалары бар. Асыресе, «Пинара» мейманканасынын айланасындагы талашка толук чекит коюла элек. «Йимпаш» холдингдин жаңы келгенде жандуу башталган аракетинин деми кайтып, ушу тапта чоң заводдун стадион ордунда соройгон бетон мамылардан башка белгиси жок. 20-майда Бишкекте түрк ишкерлери кура турган Бизнес-борбор имаратынын жерпайын түптөө аземи өттү.

Өкмөт башчы Николай Танаевдин айтуусунда, түркиялык ишкерлер Кыргызстанга баш-аягы болуп 350 миллион ашуун доллар инвестиция алып келишти. Эки өлкө ортосундагы тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 37миллион долларды түздү. Бул өткөн жылдын көрсөткүчү. Н.Танаев Кыргызстан менен Түркиянын тышкы соода алыш-беришинин көлөмү жок эле дегенде 200 миллион долларды түзүшү керек деп эсептейт.

- Кийинки жылдары биз биргелешип ортодогу тоскоолдорду жоюунун аракетин көрүп жатабыз. Базар экономикасына будоо болчу тоскоолдорду аныктадык. Кыргызстандын өкмөтү инвестицияга ыңгайлуу шарт түзүү үчүн нормативдик-укуктук негиздерди жакшыртуу аракетин жасоодо, - деп айтты өкмөт башчы Н.Танаев.

Өкмөт башчы түркиялык ишкерлерди Кыргызстандын айыл чарба өндүрүшүнө салым кошууга, кайра иштетүү өнөр жайын жандантууга, курулуш индустриясынын техникалык жабдылышын жакшыртууга, жол курууга чакырды.

Түркиялык ишкерлер Кыргызстанда бизнес жасоого кызыкдар экенин, эки өлкө ортосундагы экономикалык алака-катыштын негизи ириде тарыхый-маданий жалпылыктардан башат алып чыгарын Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Музафер Эрөктөм белгиледи.

- Кыргызстан эгемендигин биринчилерден болуп Түркия тааныган. Кыргызстан менен Түркиянын саясий, гуманитардык, аскерий, маданий байланыштары жакшы уланып жатат. Соода-экономикалык карым-катыштардын жанданышына ишкерлердин кошкон салымы барандуу. Биз ишкерлерибизге дайыма колдоо көрсөтүп келебиз, - дейт Музафер Эрөктөм.

Түркиялык «Түрказ» фирмасынын жетекчиси Сутарыжын мырза Кыргызстан менен Казакстанда инвестициялык жагымдуу маанай түзүлгөнүнө токтолуп, бул жердеги Түркиялык иш адамдарынын ой-тилеги деле боордошторунун иши жүрүшүп, экономикалык жагынан алдыга озуп чыгышына кызыкдар экенин айтты:

- Биздин фирма дүйнөгө таанымал «Үлкер» фирмасынын дистрибютери. Бул жерге 1997-жылдын башында келгенбиз. Биз көбүнесе тазалык буюмдарын чыгарып, аны элге сатууну уюштурабыз.

Түркия Кыргызстандын билим тармагына өзгөчө көңүл буруп, бул жаатта биртоп долбоорлорду жүзөгө ашырууда. «Себат» фирмасынын жетекчиси Орхан Инанды мырзанын ырасташынча, бул аракеттин артында боордоштук ак тилек, тууганчылык сезим, патриоттук маанай турат.

- Нарынга мектеп курсак Нарын эли үчүн. Таласка мектеп курсак – Талас үчүн. Бишкекке мектеп салсак – Бишкектеги балдар үчүн. Биз бул кишилердин Кыргызстанда иш баштап, бизнес жасашын каалайбыз. Келген кишилер менен көп сүйлөштүк. Буюрса, ишкерлердин жардамы менен эмдиги жылы Чолпонатада Чокталда мектеп ачабыз. Ага болжол менен 1 миллоин долларга жакын каражат кетет. 1 миллион ашуун доллар сарптап Таласта балдар лицейин ачабыз, - дейт «Себат» фирмасынын президенти Орхан Инанды.

«Бирге көтөргөн жүк жеңил» деген аталышта өткөн кыргыз-түрк ишкерлеринин жыйынында айтылган кеп-сөздөр тарыхый-маданий жалпылыкка ээ эки калктын билимин көтөрүү, улуттук жаңылануусуна жетишүү зарылдыгына барып такалды.

XS
SM
MD
LG