Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:43

Ардактуу консулдар Бишкекте чогулат


БИШКЕК. Ушул айдын 25-28-май күндөрү Бишкекте Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү ардактуу консулдарынын биринчи жолугушуусу болот. Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматка караганда, анын негизги максаты- ардактуу консулдар институтун жакшыртуунун жол-жоболорун талкуулап, натыйжалуу иштөө механизмдерин аныктоо. Жолугушуудан кийин консулдар институтун Кыргызстандын атайын элчилиги жок өлкөлөр менен кызматташууда жемиштүү пайдалануу аракеттери көрүлөт. Азыр чет өлкөлөрдө Кырыгзстандын 28 ардактуу консулдугу иштейт. Ардактуу консулдукка салабаттуу саясатчылар, таасирдүү ишкерлер дайындалып, алар Кыргызстан менен өздөрү иштеген мамлекеттердин ортосунда соода-экономикалык,илимий-техникалык жана башка тармактарда кызматташуу аракеттерин көрүүгө милдеттендирилет. Бирок, ардактуу консулдардын иштөөсү үчүн мамлекеттик бюджеттен каражат каралбайт.

XS
SM
MD
LG