Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:34

Индиянын жаңы премьер-министри кызматына киришти


Индиянын жаңы премьер-министри болуп шайланган Манмохан Сингх бүгүн ант берип, кызматына киришти: "Мен, Манмохан Сингх, мыйзамдар көрсөткөндөй, Индиянын конституциясына берилип, аны аткарууга кудай алдында ант берем". Сингх Индиянын биринчи хинду эмес өкмөт башчысы, анын дини сикх. Анткен менен жаңы өкмөттүн курамы аныктала элек жана Сингх менен Конгресс партиясынын төрайымы Соня Ганди бул маселе боюнча азыр ар башка партиялардын жетекчилери менен сүйлөшүү жүргүзүүдө. Парламенттик шайлоодо Конгресс партиясы утуп чыкты, бирок Соня Ганди өзү италиялык болгондуктан, өкмөттү жетектөөдөн баш тартты.

XS
SM
MD
LG