Линктер

дүйшөмбү, 23-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 20:00

Газа тилкесинде бир жарым миң адам үйсүз калды


Бириккен улуттар уюмунун палестиндик качкындарга жардам көрсөтүү агенттигинин жетекчиси Питер Хансен Газа тилкесин көрүп чыгккандан кийин, “акыркы 10 күн ичинде бир жарым миң палестиналык адам үйсүз калды” деп билдирди. Хансен “палестиналыктардын Рафах шаарындагы үйлөрүн бузууну туура эмес” деп баалады.
Израилдик аскерлердин чабуулунан акыркы 6 күн ичинде 40 тан ашык палестиналык каза болду.
Израилдин аскерлери “жер асты менен кеткен жол бар, ал жол аркылуу палдестиналыктар курал алып келишет” деп Рафах шаарына чабуул жасашкан. Алар бүгүн ал туненнелди жардырышканын билдиришти.
XS
SM
MD
LG