Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тыңшоочу аппараттарды иш кабинеттерге ким койгондугун иликтеген депутаттык комиссиясынын жыйынтыгын өткөн жума күнү карап, анын аягына чыккан эмес. Депутаттар бүгүн бул маселени жыйынтыктап, маселеге тикелей көз салууну президентке сунуштайбыз деген пикирде.
Ал эми депутаттык комиссиянын билдирүүсүндө аты аталган укук коргоочу жана бейөкмөт уюмдар маселени көзөмөлгө катуу алып, алардын конституциялык укугун бузган адамдардын жоопко тартылышына аракет кылганы жатат. Ал тууралуу «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын «Кардинал» деген жашыруун ат менен аңдууга алынган президенти Эдил Байсалов мындай дейт:
- Атайын кызматтын артыбыздан түшүп, ар кандай досьелерди түзгөнү Конституцияга жана биздин атуулдук укуктарыбызга каршы келген аракет. Мындай маалымат бизди тынчсыздандырат. Ошондуктан биз дүйшөмбү күндөн тарта парламенттик иликтөөгө толук катышып, көзөмөлгө алабыз. Анын жыйынтыгы менен биз Улуттук коопсуздук кызматына да, президентке да буга жооп берүү маселесин кабыргасынан коёбуз. Антпесек, атайын кызмат Кыргызстандын келечегине, демократияга жана саясий туруктуулукка зыян келтирүүчү органга айланып кетти.
Депутаттык комиссия депутаттардан тышкары эл аралык, укук коргоочу уюмдардын, саясий партиялардын өкүлдөрү менен айрым саясатчылар боюнча 12 иш ачылып, алар аңдууга алынгандыгын билдирген. Ал эми Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасыны орун басары Токон Мамытов аңдуу болгон эмес деп, аны четке каккан болчу.