БИШКЕК. Кыргызстанда баш мыйзамдын 16-беренеси күч органдары тарабынан одоно бузулуп, өлкөнүн атуулдарынын укугу, эркиндиги тебеленип жатат. Атуулдардын артынан аңдуу жүргүзүп, көзөмөлгө алуу күч органдарынын күнүмдүк ишине айланууда. Кошуна мамлекеттердин тартип коргоо кызматкерлери да кыргызстандык атуулдардын укугун көз көрүнө тебелөөдө. Буга мисал, кошуна Өзбекстандын тартип коргоо органдары жана башка күч структуралары,
Кыргызстандын аймагынан айрым атуулдрдын артынан аңдуу жүргүзгөн. Ал түгүл Кыргызстандын атуулдарын кармап кетип, Өзбекстанга алып барып сот жообуна тарткан фактылар кездешкен. Бул тууралуу Кыргызстан акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Акыйкатчынын билдиргенине караганда, үстүбүздөгү жылы 14-майда Ош облусунун Карасуу мечитинин жанында жума намазга келген адамдарды видеокамера менен жашыруун тартып жаткан адамдарды мечитке келген жергиликтүү жашоочулар кармап алган. Териштире келгенде алар Өзбекстандын Анжиан облусунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери болуп чыккан. Бул иш боюнча карасуулук атуулдар райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылышкан. Бирок андан эч бир майнап чыкпаган соң, алар бул окуяны териштирип берүүсүн өтүнүп акыйкатчыга кайрылышкан.