Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:22

Түштүк Осетиядагы парламенттик шайлоонун алгачкы жыйынтыктары чыкты


ЦХИНВЕЛИ. Бүгүн Грузиянын Түштүк Осетия автономиясында кечээ өткөрүлгөн парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктары жарыяланды. Шайлоо комиссиясынын билдирүүсүнө караганда, парламенттеги 30 орундун 20 орунун Түштүк Осетиянын президенти Эдуард Кокоитинин партиясы жеңип алды.

Шайлоо Грузиянын президенти Михаил Саакашвилинин демилгеси менен өткөрүлгөн. Ажария маселесин оң чечкенден кийин ал Түштүк Осетияда шайлоо өткөрүп, анын Тбилисиге болгон мамилесин өзгөртүүнү көздөгөн.

Түштүк Осетиянын жетекчиси Эдуард Кокоити болсо кечээ автономия Тбилисиге баш ийбей тургандыгын, ал Орусиянын карамагына өтүүнү кааларын айткан.

1990-жылдардын башынан тартып Түштүк Осетия Абхаз жана Ажар респулкаларындай эле Тбилисиге баш ийбей келет. Грузия аскерлери автономиядан 1992-жылы чыгарылып кеткен болчу.

XS
SM
MD
LG