Ирактын Нажаф шаарындагы Имам Алинин ыйык мечитинде бүгүн жарылуу болду, канча адам жапа чеккени тактала элек. Шаарда америкалык аскерлер менен имам Муктада ас-Садрдын жоокерлери ортосунда салгылашуулар өтүп жатат. Америкалыктардын айтымында, алар мечитке зыян тийгизүүдөн качууда, ас-Садрдын күчтөрү болсо мечит жана башка ыйык жерлерди өз аракеттеринде пайдаланат. Кечээ күнү кечинде болсо Киркук шаарында ирактык түркмөндөрдүн башчысы Ахмед Найм ал-Дин атып өлтүрүлдү.