Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:40

АКШнын планына көз караштар ар кыл


ПРАГА. Франция Иракта убактылуу өкмөт орнотуу боюнча АКШ менен Британия планынын долбоору кошумча оңдоого муктаж экенин белгиледи. Россия документти Иракта убактылуу өкмөт ишке киргенден кийин талкууга аларын билдирди. Ирактын Башкаруу Кеңеши долбоорду колдоду, бирок убактылуу өкмөттүн укуктарын кеңейтүүнү сунуштады. АКШ президенти Жорж Буш Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешине долбоорду сунуштагандан кийин сүйлөгөн сөзүндө Иракта эгемендүү мамлекет түзүүнүн беш багытын белгилеген:

-Биз бийликти Ирактын жаңы өкмөтүнө өткөрүп беребиз, коопсуздукту камсыз кылууга жардамдашабыз, Ирактын инфраструктурасын кайра курууну улантабыз. Эл аралык жардамды көбөйтүүнү колдойбуз жана Ирак эли жаңы жетекчилерди тандап алуусу үчүн жалпы элдик шайлоо өткөрөбүз.

XS
SM
MD
LG