Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:45

КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ТАЖИКСТАНДЫН ОРТОСУНДА "ЫНТЫМАК КОҢШУЛУК ЖАНА ӨНӨКТӨШТҮК ТУУРАЛУУ" КЕЛИШИМГЕ КОЛ КОЮЛДУ


26 -27-май күндөрү президент Аскар Акаев баштаган делегация Тажикстанда ырасмий сапар менен болду. Анын жыйынтыганда эки мамлекеттин ортосунда "Ынтымак коңшулук жана өнөктөштүк тууралуу" келишимге жана бир катар макулдашууларга кол коюлду. Сүйлөшүүлөрдүн маалында президент Аскар Акаев чакан мамлекеттер катары Кыргызстан менен Тажикстан күчтөрүн бириктирип, тыгыз ынтымакта өнүгүшү керек деп билдирди. Ал эми Эмомали Рахмонов болсо Ооганстандагы абалга байланыштуу сыноолорго эки мамлекет татыктуу туруштук бергенин айтты.

Кыргыз делегациясынын Тажикстандагы ырасмий сапарынын негизги жыйынтыгы катары – эки мамлекет ортосунда "Ынтымактуу коңшулук жана өнөктөштүк тууралуу" келишимге кол коюлганы болду. Акаев да, Рахмонов да бул документке жогору баа берип, эми эки мамлекеттин кызматташтыгы жаңы деңгээлге көтөрүлөт деген ишенимин билдиришти. Дегеле, ырасмий сапар жемиштүү болгону айтылууда. Кыргызстандын Тажистандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Мирослав Ниязовдун айтымында, эки тарап дээрлик баардык маселелер боюнча тил табышып, бир ымалага келишти:

- Бир катар келишимдерге кол коюлду. Аймактагы суунун 90 пайызы Кыргызстан менен Тажикстандан келет. Сууну, энергетиканы кандай пайдаланыш керек деген маселе талкууланды. Эки президент "Ынтымактуу коңшулук жана өнөктөштүк тууралуу" келишимге кол коюшту. Бул өтө маанилүү документ.

Эки мамлекетти бириктирип, тыгыз кызматташтууга багыттап жаткан объективдүү бир жагдай – бул эки өлкөнүн тең табигый байлыктары чектелүү. Коңшу Өзбекстан менен Казакстанга салыштырмалуу газга, мунайга жарды. Ошол эле убакта Кыргызстандын да, Тажикстандын да суу башында туруп, Нарын-Сырдарыя каскадындагы суу-энергетикалык байлыктарды башкарууда бир максатты көздөгөнү болуп турат. Биз чакан мамлекеттер катары бири-бирибизди эларалык аренада колдойбуз деп айткан президент Аскар Акаев кыязы, суу ресурстарына байланыштуу бул эки мамлекет башка Өзбекстан жана Казакстан сыяктуу коңшуларынын катуу каршылыгына тушугуп жатканын эске алса керек:

- Бириккен улуттар уюму, КМШ, ЕККУ, ЕврАзЭС, Шанхай уюму сыяктуу уюмдарда - эларалык аренада биз бири-бирибизди колдоп келатабыз. Негизи, ушундай болуш керек. Жакшы өнүгүш үчүн чакан мамлекеттер биригип, тыгыз кызматташыш керек, - деди президент Аскар Акаев Тажикстандагы ырасмий сапары учурунда.

Бул ирет эки мамлекет ортосунда аскердик кызматташтыкты чыңдоо, аба каттамдары, сырдуу маалыматтарды өз ара коргоо, мамлеккеттик чегарадан өткөрүү пунктары жөнүндө - баш-аягы сегиз келишимге кол коюлду. Негизи, аскердик кызматташтык туурлуу келишимге кол коюлганын – формалдуу маселе катары да караса болот. Анткени, тээ Баткен согушу убагынан тартып эле Кыргызстан менен Тажикстан коопсуздук жаатында айткан сөздөрү бир жерден чыгып келатат.

- Ооганстандын эң жакын коңшу мамлекеттери катары биз ушул акыркы жылдарда Ооганстандан келип жаткан коркунучка туруштук берип келдик. Биз аймактагы туруктуулуктун баасын жакшы билебиз, - деди президент Эмомали Рахмонов.

Президент Акаевдин сапары учурунда Кыргызстандын Тажикстандагы маданий күндөрү болду. Мындан тышкары соода-эконоикалык кызматташтык боюнча кыргыз-тажик комиссиясынын отуруму да өтүп, экономикалык маселелер каралды. 2003-жылы эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 60% өскөн. Коңшулар бул көрсөткүчтү мындан да арттырууну көздөп жатышат.

Эки мамлекеттин ортосунда кол коюлган макулдашуулардын арасында Тажикстандан келген качкындарга тажик жарандыгынан жеңилдетилген шарт менен чыгып, Кыргызстандын жарандыгын тоскоолдуктарсыз алуу тууралуу келишимге да кол коюлду. Бул документтин мааниси тууралуу Кыргызстандагы тажиктердин Рудаки атындагы коомунун президенти Абдухалим Раимжанов мындай дейт:

- Кыргызстандын жарандыгын мурунку убакта беш жылда араң беришчү. Эки республиканын президенттери сүйлөшүп, анны жеңилдетилген тартипке алып келишти. Тигил жактын жарандыгынан чыгып, бул жерден батыраак жарандык алуу маселесин жөнөкөйлөтүп, чечишти. Бул өтө абдан чоң жумуш.

XS
SM
MD
LG