Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:29

Майлуусуу шаары уран калдыгынан качан тазаланат?


БИШКЕК. Бүгүн инвестиция тартуу боюнча кеңештин жыйыны болду. Премьер-министр Николай Танаевдин төрагалыгы астында өткөн жыйында «Күтүүсүз кырсыктарды алдын-алуу», "Социалдык кызмат көрсөтүү жана каржылоо" жана «Жаш балдарды коомдо өстүрүү» деген үч долбоорду ишке ашырууга даярдык көрүү маселеси талкууланды. Кеңештин мүчөлөрү «Күтүүсүз кырсыктарды алдын алуу» долбоорун ишке ашыруу мөөнөтүнө макул эмес экендиктерин билдиришип, аны ишке ашырууну ылдамдатуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө Каржы министрлигин милдеттендиришти. Бул долбоор Майлуусуу шаарынын айланасына көмүлгөн уран калдыктарын зыянсыздандыруу чараларын көрүүгө багытталып, ага Дүйнөлүк банк 22 миллион доллар бөлөөрү белгиленген. Бул сумманын 11 миллион 800 миң долларлык бөлүгүн ишке ашыруу мөөнөтү 2009-жылга чейин деп белгиленген.

XS
SM
MD
LG