Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:31

«Кыргызтелекомдун» акциясын сатуу боюнча экинчи тендер болот


БИШКЕК. «Кыргызтелеком» башкы байланыш компаниясынын мамлекетке тиешелүү 51 проценттик акциясын сатуу боюнча жакын арада экинчи тендер өткөрүлүшү мүмкүн. «Кабар» агентигинин маалымдоосуна караганда, азыр түшкөн арыздар каралууда. Бул жолу «Кыргызтелекомдун» акциясын сатып алууга Германиянын «Детаком» компаниясы менен Казакстандын «Казкоммерцбанкы» ниеттенүүдө. Германиялык компания 16 миллион 200 миң доллар, мурунку тендерде экинчи орунду алган Орусиянын «Ростелеком» компаниясы 15 миллион 50 миң, «Казкоммерцбанк» 15 миллион доллар берерин билдиришти. Өткөн жылкы тендерде биринчи орунду алган Швециянын «Шведтел» компаниясы акция үчүн 15 миллион 68 миң доллар берем деген менен, акыны төлөө жана тариф боюнча пикир келишпестиктен улам оюндан чыккан. Былтыр акция үчүн 15 миллион 29 миң доллар берем деп, экинчи орунду «Ростелеком» утуп алган. Бирок быйыл бааны арзандатууну сунуш кылгандыктан, тендердик комиссия экинчи тендерди өткөрүү чечимине келди.

XS
SM
MD
LG