Жараат алгандардын саны 350 адамдан ашты. Бийлик өкүлдөрү ырасташкан маалыматтарга ылайык, сексенден ашуун шаар-кыштакта имараттар, турак-жайлар кыйрады. Көптөгөн кишилер өткөн түндү сыртта, ачык асман алдында өткөрүштү. Зилзаланын күчү Рихтердин чен-өлчөмү менен алганда 6 баллдан ашты, анын чордону Тегерандан жетимиш чакырым түндүк жакта катталды.