КАНДАГАР. Кечээ талибдердин куралчан тобу Гилменд провинциясындагы Мусакал шаарынын административдик имаратына чабуул жасап, 4 ооган аскерин өлтүрүп кетти. Талидерден бирөө өлгөн.
Шаардын мэри молдо Амир Ахунзада бул чабуул койгон талибдерди издөө үчүн провинциянын борборунан 100 аскер келгендигин кабарлады.
Маалымат агенттиктеринин билдиришинче, Ооганстандагы салгылашууларда быйыл 360 жакын адам өлдү.