Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:02

Кыргызстанда тамеки тартуу адаты күч алууда


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте «Тамеки жана жакырчылык, чырмалышкан туңгуюк» деген тема алдында тармактар аралык «Тегерек стол» жыйыны болду. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, бир катар министрликтердин, эл аралык уюмдардын жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлдөрү катышты. Анда Кыргызстанды тамеки тартуу дарты тегиз каптап бара жаткандыгы жана аны басаңдатуу көйгөйү талкууланды. Жыйында айтылган маалыматка караганда, акыркы иликтөөлөр Кыргызстандын калкынын 50 проценти тамеки тартаарын, анын 20 процентин мектеп окуучулары түзөөрүн көрсөттү. Ушундан улам «Тегерек столдун» катышуучулары «Тамекиге жол жок» деген аталыштагы жаңы сабакты окутуу программасын иштеп чыгып, ал окутулсун деген чечимге келишти. Андан тышкары «Тамекиге көзөмөл салуу» деген мыйзам иштеп чыгып, анда тамекини рекламалоого тыюу салуу жобосун киргизүүнү, башкача айтканда, тамекиге каршы конвенциянын Жогорку Кеңеш тарабынан ратификацияланышын сунуштоо зарыл деген бүтүмгө келишти.

XS
SM
MD
LG