Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:44

Укук коргоочу камалды


БИШКЕК. Ички иштер министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгы комитеттин Талас облусу боюнча координатору Бектурсун Жандаралиевди 31-майда камакка алды. Бул тууралуу адам укугун коргоо боюнча кыргыз комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Рыскелди Момбеков бүгүн "Азаттыктын" кабарчысына билдирди.

Анын маалыматы боюнча, Жандаралиев Бириккен Араб Эмираттарына жөнөп бараткан төрт кыздын укугун коргоого аракеттенген. "Бирок кыздарды жиберип жаткан фирма бийлик системасындагы колдоочуларынын жардамы менен укук коргоочуга каршы кылмыш ишин ачтырууга жана анын негизинде аны каматууга жетишкен", - дейт Момбеков.

Ал эми ички иштер министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Памирбек Асановдун маалыматы боюнча, Бектурсун Жандаралиев опузалап акча алууга аракет жасаганы үчүн камакка алынды.

XS
SM
MD
LG