Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:32

ЖАЛАЛАБАДДА НААРАЗЫЛЫК АКЦИЯЛАРЫНА БАЙЛАНЫШТУУ ЖЫЙЫН ӨТТҮ


Ырысбай Абдыраимов, Жалалабад 2-июнда Жалалабадда «Атуулдук баш ийбөөчүлүк, митинг, пикет учурунда жарандардын конституциялык укугун коргоо үчүн жарандык коом менен мамлекеттик администрациялардын бирдиктүү аракети» деген жыйыны өттү. Ага бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, укук коргоочулар, милиция кызматкерлери жана жергиликтүү бийликтин кызматкерлери катышты. "Эл аралык толеранттуулук үчүн" коомдук кору уюштурган "тегерек үстөлдө" бийлик элдин талабына кулак салбай калганда, мыйзам бузулганда элде нааразылык күчөөрү айтылды.

«Эл аралык толеранттуулук үчүн» коомдук корунун демилгеси менен уюштурулган жыйын Аксыдагыдай окуяларды алдын алуу максатында уюштурулду. Анда митинг, пикет, жөө жүрүш өңдүү саясий акциялардын пайда болуш себептери изилденди. Аксы окуясындагы жабырлануучуларды коргоо комитетинин төрагасы Жаныш Курбанов буга дейре республикалык ички иштер, улуттук коопсуздук кызматтарынын өкүлдөрү катышкан Ысыккөл, Ош шаарындагы жолугушуудан майнап чыкпай, көтөрүлгөн маселе айтылган жерде кала берээрине капа болду:

- Бийликтегилер биздин пикирди колдоп, сөзүбүздү угуп, чечим туура чыгарылган экен десе биз моралдык кубаттоо алмакпыз. Ушул ишибизди жогорку бийлик колдосо, жакшы натыйжа чыгат - деди Жаныш Курбанов.

Кыргызстандын адам укугун коргоо комитетинин түштүктөгү координатору Кубаныч Маматкеримовдун айтымында, кемчилик бийликтен кетүүдө:

- Аткаруу бийлик органдары мыйзамды көп бузушат. Аксы окуясы кайталанбашы үчүн аткаруу бийлиги эл менен тыгыз байланышы керек. Карапайым калк менен тез-тез жолугушса. Аким, губернаторлор "тегерек үстөл" болсо ага өздөрү катышпай, маселе чече албаган катардагы кызматкерлерин жиберишет. Алар маселени жетекчилерине жеткирүүдөн коркушат.

"Эл үчүн" шайлоо блогунун облустагы төрагасы Медер Үсөновдун пикири боюнча, саясий акция мыйзам сакталбагандыктан келип чыгат:

- Митинг, пикет, демонстрация бийлик башчылардын мыйзам бузгандыгынан болот. Нечен жолу кайрылсаң да уруксат беришпегендиктен, мамлекеттик чоң проблемаларды элге жеткирүү максатында уруксатсыз митинг өткөрүүгө туура келет.

Облустагы улуттук коопсуздук башкармасынын жетекчиси Марат Иманкуловдун көз карашында митинг, пикет сыяктуу акцияларды белгисиз күчтөрдүн пайдаланып жибериш коркунучу бар:

- Кокустук болсо, ким уттурат? Митингге миң киши чыкса, бир адамдын укугу бузулса, кимдир бирөө жардыргыч ыргытып ийсе эмне болот?

XS
SM
MD
LG