Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:28

6-июнга аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. 6-июнда Кыргызстанда түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда кыска мөөнөттө жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Тоолорго кар түшөт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге жеткен жел жүрөт.

Абанын температурасы:
ЧҮЙ жана ТАЛАС облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +23…+28 градус ысык.
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАЛАБАД аймактарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +27…+32 градуска ысык болот.
ЫСЫККӨЛ дубанында түнкүсүн +10…+15, күндүз +17…+22 градус.
НАРЫНДА түнкүсүн +7…+12, күндүз +18…+23 градус жылуу.
БИШКЕКТЕ өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17, күндүз +25…+27 градус.

Жаңылыктар топтомун Бурулкан Турдубек кызы, Аманбек Дилденбай жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG