Ооган аскерлери менен АКШ башындагы коалициялык күчтөр талибдердин өңүттөрүнө чабуул жасап, жоонун жети жоокерин катардан чыгарышты. Ооганстандын коргоо министрлигинин өкүлү Закир Азиминин маалымдашынча, талибдердин Забул провинциясындагы өңүттөрүнө жума күнү түн жамына чабуул жасалган. Өкмөттүк жана коалициялык күчтөр Шин-Кай аймагында болгон бу салгылашууда зыян тартышкан жок деп билдирди Азими.