Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:55

Рональд Рейганды акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсү жума күнү болот


АКШнын 40-президенти Рональд Рейган ишембиде 93 жаш курагында дүйнөдөн өткөн эле. Аны акыркы сапарга узатуу каадасы жума күнү Вашингтондо болот. Ушундан соң ал кичи мекени – Калифорния штатынын Сими Вэлли шаарында өз ысымындагы президенттик китепкананын жанында жерге берилет. Мунун алдында шаршемби жана бейшемби күндөрү маркумдун сөөгү АКШ Конгрессинин имараты - Капитолийде болуп, эл экс-президент менен коштошот. Дүйнө өлкөлөрүнүн лидерлери, саясатчылар менен коомдук ишмерлер "кансыз согуш" доорунун аякташына ири салым кошкон Рейгандын дарегине жылуу сөздөрүн айтышууда. Ал АКШ президенти болуп 1981-89–жылдары иштеген. Р.Рейган соңку он жылдан ашуун убакыттан бери Альцгеймер дарты менен алпурушуп келген эле.

XS
SM
MD
LG