Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:52

Жамгырдан Ноокен жана Базаркоргон районунун айыл чарбасы зыян тартты


ЖАЛАЛАБАД. Мөндүр аралаш жааган катуу нөшөрдүн залакасы эки райондун тоо аймактарындагы эгин аянттарына тийди. Ноокендин Шайдан, Базаркоргондун Кеңеш, Бешикжон жана Акман айыл өкмөттөрүндөгү бышаарга жакындап калган буудайлары жерге жапырылып, дыйкандардын болжолу боюнча 3 миң гектардан ашык пахта керектен чыкты, теректер сынып, жаңгак менен алма күбүлдү. Электр жарыгы убактылуу өчтү. Материалдык зыяндын өлчөмүн облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын адистери менен жергиликтүү бийликтен турган комиссия саноого киришти.

XS
SM
MD
LG