Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 10:03

Мыйзам чыгаруу жыйыны жоон топ мыйзамдарды кабыл алды


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны бүгүнкү отурумунда өзгөчө талаш туудурбаган жоон топ мыйзамдарды кабыл алды. Алардын катарында Кылмыш-процессуалдык, Граждандык-процессуалдык, Салык, Бажы, Үй-бүлө кодекстери, «Жашы жете элек балдардын укуктарын коргоо» өңдүү мыйзамдарга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди. Ошондой эле, бул күнү кумар оюндарын жөнгө салуу тууралуу мыйзам да кабыл алынды.

Отурумда белгилүү болгон маалыматка караганда, Мыйзам чыгаруу жыйыны айдын этегине чейин жүздөн ашык мыйзамды кабыл алууну көздөп жатат. Келерки айдан баштап парламент эки айлык мөөнөткө жайкы эс алууга чыгат.
XS
SM
MD
LG