Линктер

шейшемби, 27-июнь, 2017 Бишкек убактысы 16:39

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 9 миллион доллар берет


БИШКЕК. Дүйнөлүк Банк Кыргызстандын банк жана төлөм системасын жакшыртуу долбоорун каржылоо үчүн 9 миллион доллар бермей болду. Буга байланышкан макулдашууга бүгүн Бишкекте каржы министри Болот Абилдаев менен Дүйнөлүк банктын Бишкектеги туруктуу өкүлчүлүгүнүн башчысы Крис Лавлейс кол коюшту. 4 жылдык мөөнөттү камтыган бул долбоорго каражат бөлүү чечимин Дүйнөлүк Банктын Директорлор кеңеши өзүнүн 16-марттагы отурумунда кабыл алган.

XS
SM
MD
LG