Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:07

Сербияда президенттик шайлоо өтүп жатат


Мамлекет башчысынын кызматы үчүн атаандашкан 15 талапкердин негизги төртөө - ашынган улутчул Радикалдык партиянын лидери Томислав Николич, Демократиялык партиянын башчысы Борис Тадич, башкаруучу коалициянын талапкери Драган Маршичанин жана ишкер Боголюб Карич. Радикалдык партиянын лидери Томислав Николич шайлоодо жеңип чыгаарына ишенет. Ал бүгүн добуш берген соң буларды билдирди:

-Мен жеңишти күтүп жатат. Мен бул биринчи айлампада эле болушун каалар элем, бирок экинчи айлампа да талап кылынышы мүмкүн. Мен буга тынчызданбайм. Бул 14 күндүн аралыгында ишке ашуучу нерсени гана кечеңдетет.

Эгер эч ким жетиштүү добуш топтобосо, экинчи айлампа 27-июнда болот.
Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык бул жолу шайлоо өттү деп табылыш үчүн ага кеминде шайлоочулардын жарымынан көбүнүн катышуусу талап кылынбайт. Ушул эрежеден улам Сербиянын калкы буга чейин президентти үч ирээт шайлай албай койгон.

XS
SM
MD
LG