Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:04

ФУТБОЛ БОЮНЧА ЕВРОПА ЧЕМПИОНАТЫНЫН КҮНДӨЛҮГҮ


Төрөкул Дооров, Москва 12-июнда Европанын футбол боюнча мелдеши башталды. Бул жолу Евро-2004 Португалияда өтүп жатат. Турнирди Грециянын жана футбол талаасынын кожоюну Португалиянын командалары ачып, гректер 2 : 1 менен сенсациялуу жеңишке жетишти. Орусиянын курама командасы испандарга 1 : 0 менен утулду. Ал эми 90-мүнөткө чейин 1 : 0 менен утуп жаткан Англиянын футболчулары француздарга 2 : 1 менен утулуп калды. Эки топту тең З.Зидан киргизди.

Дүйнөнүн миллиондогон футбол сүйүүчүлөрү акыркы төрт жыл бою чыдамсыздык менен күтүшкөн окуя башталды. Бул жолку мелдешке 16 мамлекеттин командалары катышып, Европанын чемпиону наамы үчүн таймашат. Алар: Англия, Франция, Швейцария, Хорватия, Дания, Италия, Швеция, Болгария, Германия, Голландия, Орусия, Греция, Чехия, Испания, Португалия жана Латвиянын футбол боюнча командалары.

Европалык мелдештин биринчи күнүндө, ишембиде, оюн талаасынын ээси Португалиянын командасы Грециянын футболчулары менен таймашып, акыр аягында португалиялыктар гректерге 1:2 эсебинде утулуп калышты.

Ошол эле күнү Орусиянын футболчулары испаниялыктар менен беттешип, жеңишти 0:1 эсебинде испан командасы колго алды.

Оюн учурунда үнү бүтүп калган орусиялык команданын машыктыруучу жетекчиси Георгий Ярцев начар оюн тууралуу төмөнкүлөрдү айтты.

- Албетте, мен оюнга да, анын жыйынтыктарына да канааттанган жокмун. Коргонуудагы позициябызды күчөтө албай, испандарга жеңилип калдык. Мен эч кимди өзүбүздүн командадан «жакшы» же «жаман» деп бөлгүм келбейт – биз баарыбыз бирге утулдук. Буга чейин испаниялыктар менен беттешүүгө камданып келишкен биздин оюнчулар эмнегедир, майданда боштук кылып коюшту. Балким, атаандашыбыздан коркуп калышса керек.

Орус командасындагы коргоочулардын бири Дмитрий Аленичев машыктыруучу Ярцевдин оюна кошулат:

- Анын айтымында, оюн бүтөөрүнө 30 мүнөттөй убакыт калганда орусиялыктар испаниялык футболчуларды жеңүү бери турсун, эсепти тууралоого да алсыз экендиктерин түшүнүштү. Жеңишке жетебиз деген ишенимдин жоктугу күчүбүздү алып койду.

Ал эми айрым футболчулар, тетирисинче, машыктыруучуну айыптап чыгышты. Алардын бири Александр Мостовойдун айтымында, оюнга чейинки даярдык өтө татаал болгондуктан, футболисттер майданда тез эле чарчап калышты.

Эми орусиялыктар 16-июнда Португалия менен беттешмекчи.

24-июнга чейин 16 мамлекеттин командалары чейрек финалга жолдомо алуу үчүн күрөшөт. Ал эми 30-июнь жана 1-июль күндөрү мелдештин жарым финалы өтүшү керек. Акыркы, чечүүчү оюн Лиссабондо 4-июль күнү өтмөкчү.

Акыркы мелдеш 2000-жылы Бельгия менен Голландияда өткөн. Анда жеңишти франциялык футболчулар колго алышкан эле.

Ал эми мелдешти быйыл өткөрүүгө укук алган Португалия, иш-чарага чоң даярдыктарды көргөн. Анткени мелдеш учурунда Португалия 500 миңдин тегерегинде чет элдик туристтерди күтүп алмакчы. Бул - өлкөгө чоң кирешелерди алып келет. Туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу максатында мамлекет 1 млрд. доллардан ашуун каражат жумшагандыгы маалым.
XS
SM
MD
LG