Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:18

Иракта дагы чет элдик беш адам набыт болду


Багдаддын борбордук көчөсүндө кетип бараткан автоколонна жардырылды. Бул машиналар Ирак администрациясында иштеп аткан чет элдик адистерге таандык болчу. Соңку маалыматтарга караганда, 7 адам каза болуп, отуздайы ооруканага жеткирилген. Ирактын убактылуу өкмөт башчысы Айат Аллави каза болгондордун бешөө чет мамлекеттин атуулдары экенин, дагы 3 чет элдик катуу жарадар болгонун тастыктады. Бирок алар кайсы өлкөлөрдөн экенин Аллави тактаган жок.

Айрым булактар билдиргенге караганда, автоколонна өтүп бараткан убакта жанкечти өзүн-өзү жардырган. Бирок ошол эле учурда эки машинага бомба коюлган деген да маалымат тарады. Ирактын президенти Гази Аль Йавар “Ирак учурда башынан кейиштүү күндөрдү кечирүүдө, бирок акыбалды оңдогонго болгон аракетти жумшайбыз” деди.

Багдадда кечээ эле жардыруу болуп 12 адам набыт болгон.

XS
SM
MD
LG