Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:22

Ирактан мунай экспорттоо эки эсеге жакын азайды


Ирактын түштүгүндөгү мунай боросунда өткөн түнү болгон эки жардыруу кара майды экспорттоону кыскартты.
Ирактын Түштүк мунай ширкетинин жетекчилеринин бири айтканга караганда, Басра шаарына жакын жердеги жардыруудан улам түштүктөн мунай экспорттоо эки эседен көпкө азайган.
АКШ башындагы күчтөр Иракты басып алгандан бери Түштүк мунай боросу өлкөнүн негизги экспорттук жолуна айланган эле.
Тынбаган чабуулдардан улам өлкөнүнүн түндүгүндөгү кендерден мунай экспорттоо да олуттуу кыскарган.

XS
SM
MD
LG