Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:06

Вашингтон Ооганстанга бар жардамын аябайт


Президент Буш Ооган лидери Хамид Карзай менен Ак үйдө кечээ болгон кездешүүдө Ооганстан террорчулукка каршы согушта “биринчи жеңишке” жетти деди.

Эки лидер тең талибдердин үч жыл илгери бийликтен кулатылышын Ооганстандын тарыхындагы бурулуш катары баалашты.

Буш анын администрациясы Ооганстанга колдон келген бардык жардамды, анын ичинде соода, инвестиция жана билим берүү жаатында көмөк берет деди:

- Менин өкмөтүм Ооганстандын ийгиликке жетүүсү жана өнүп-өсүүсү үчүн өзүнө темирдей бекем милдеттенме алат. Алдыга жылуу жана өсүү үчүн коопсуздук өтө маанилүү.

Үстүбүздөгү жылы Ооганстанда зобун-зордуктан жарым миңдей адам набыт болду. Алардын көбү талибдердин чабуулунан жана жаатчылык согушунда өлүштү.

Карзай сентябрда Ооганстанда жалпы элдик шайлоо өтөөрүн айтып, Кошмо Штаттарга көмөгү үчүн алкыш айтты:

- Мен бүгүн Америкага бизди эркин кылганы үчүн, өзүбүздү кайра курууга жана өнүп-өсүүбүзгө жардамдашканы үчүн ырахмат айттым. Бул жардам биздин акыркы эки жылдагы өсүүбүзгө кубат болду.

XS
SM
MD
LG