БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстанга эки күндүк иш сапары менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа боюнча регионалдык бюросунун директору Марк Данзон келди. Саламаттык сактоодогу реформанын жүрүшү менен таанышуу максатын көздөгөн Данзон иш сапарынын учурунда премьер-министр Николай Танаев, Жогорку Кеңештин кош палатасынын төрагалары Абдыганы Эркебаев жана Алтай Бөрүбаев менен жолугушуп, тармакты өнүктүрүүнүн каржылык жана мыйзамдык негиздерин талкуулашат.
Кыргызстандагы расмий жолугушууларды Данзон Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы координатору Ежи Скуратович менен жолугушуудан баштады. Мындан тышкары Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлү өлкөдөгү милдеттүү камсыздандыруу фондунун, ден соолукту чыңдоо борборунун, мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин иштери менен таанышмакчы. Данзон сапарынын акырында саламаттык сактоо министрлигинин коллегиясына катышат. Бул тууралуу маалыматты Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы таратты.