ООНдун баш катчысы Кофи Аннан кечээ Ирандын атомдук программасына байланышкан проблема жакын аралыкта чечилерине ишенич билдирип, Тегеранды МАГАТЭ менен натыйжалуу кызматташууга жана өзүнө алган милдеттенмесин толук аткарганга чакырды. МАГАТЭнин директору ал-Барадей эксперттер даярдаган докладда айрым кемчиликтер кетирилгенин моюнга алып, бирок ал жалпы абалды өзгөртө албай тургандыгын белгилеген эле.