Астана шаарында бүгүн Евразиялык экономикалык шериктештиктин жана Биргелешкен коопсуздук келишимине кирген өлкөлөрдүн кезектеги бийик жолугушуулары болуп өттү. Анда саясий, экономикалык жана аскерий кызматташууну күчөтүү, дүйнөлүк соода уюмуна кошулуу, коопсуздукту чыңдоо маселелери талкууланды. Казак президенти Нурсултан Назарбаев глобализацияны дагы сындап өттү:
- Глобализациядан өнүккөн өлкөлөр гана утуп жатат, башкалар болсо, мисал үчүн биздин Шериктештиктин өлкөлөрү обочодо калып, чийки заттардын булагы гана болуп калууда.
Саммит алдында президенттер Лев Гумилев атындагы университетте евразиялык кызматташуу боюнча эл аралык форумга да катышты.