Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:06

К.Бакиев Кыргызстанда социалдык-экономикалык абал оор экенин айтты


БИШКЕК. "Учурда Кыргызстандын социалдык-экономикалык абалы абдан оор. Мындай кырдаал өлкөнүн мамлекеттик аппараттары жогорку деңгээлде коррупциялашканынан улам ого бетер оорлошуп, өлкөнүн өнүгүүсүнө олуттуу тоскоол болууда". Кыргызстандын социалдык экономикалык абалына мындай бааны президенттикке талапкер, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Курманбек Бакиев «МСН» гезитинин жума күнкү номуруна жарыяланган маегинде берген.

Ошондой эле Курманбек Бакиев Аскар Акаевден кийин ким мамлекет башчы болсо да анын Кыргызстанды мындай абалдан алып чыгуусу өтө оор болот деген пикирин билдирген. Мындан бир нече күн илгери курамына алты саясий партия кирген оппозициячыл маанайдагы «Эл бийлиги үчүн» шайлоо блогу Курманбек Бакиевдин мамлекет башчылыкка талапкердигин колдой тургандыгын ачык жарыялашкан.

Кошумчалай кетүүчү нерсе, аткаруу бийлик өкүлдөрү Кыргызстандын экономикалык абалы тууралуу жогорудагыдай пикирге маакул эмес экендигин айтышып, соңку жылдары Кыргызстандын социалдык-экономикалык абалы жогорулоодо деген пикирде.

XS
SM
MD
LG