Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:06

ЕВРОШАРКЕТ: КОНСТИТУЦИЯ КАБЫЛ АЛЫНДЫ


Баян Жумакадыр кызы, Прага Күндөргө созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин Европа шериктештигине мүчө өлкөлөр 19-июнда уюмдун алгачкы Конституциясын кабыл алышты. 100 беттен турган документ Еврошаркет жөнүндө мурда кабыл алынган документтерди корутундулап, уюмдун мекемелеринин иш жүргүзүүсүнө мыйзамдык пайдубал түзөт. Конституциянын негизги принциби - Еврошаркетке мүчө мамлекеттердин элинин көпчүлүгүнүн каалоосу менен чечимин урматтоо.

Еврошаркет лидерлеринин жума күнү Брүсселде өткөн жыйынында уюмдун төрагалык кызматын аткарып жаткан Ирландиянын өкмөт башчысы Бертие Ахерн чогулгандарды Конституциянын кабыл алынышы менен куттуктады:

- Бүгүн кечинде биз Европанын конституциясы боюнча орток пикирге келгенибизди билдирүүгө кубанычтуумун. Бул жердегилердин баары мунасага келүү мүдөөсү менен келишкен экен. Ошон үчүн акыркы айлардын, жумалардын жана күндөрдүн ичинде конструктивдүү сүйлөшүүлөрдү өткөрө алдык. Мен жигердүү эмгектенгени жана уюмга Ирландиянын төрагалык кылуусуна жардамдашканы үчүн баардык кесиптештериме ыраазымын.

Ахерн Конституцияда, чоң-кичине дебей, баардык өлкөлөрдүн кызыкчылыгы менен укуктары эске алынып, уюмдун ондогон жылдардын ичинде калыптанган демократиялык баалуулуктары сакталып калгандыгын айтты. Ирландиянын өкмөт башчысы бул документтин үстүнөн иштеген жетекчилер аны жөнөкөй жана түшүнүктүү кылганга аракеттенгенин, эми алдыда конституцияны ратификациялоо иши турганына басым жасады:

- Биз анда Еврошаркеттин баалуулуктары менен максаттарын эстен чыгарбаганга, ошону менен бирге эле, документти көчөдө жүргөн ар бир жөнөкөй жаранга түшүнүктүү кылганга аракеттендик. Эми алдыда аны ратификациялоо иши турат жана мыйзамды өз жарандарыбызга түшүндүрүү ишинде Конституциянын тексти бизге чоң жөлөк болот.

Бирок мунасалуу пикирге келишкени менен Еврошаркеттин лидерлери уюмдун келечектеги президенти боюнча орток пикирге келе алышпай, жакынкы апталарда дагы бир кезексиз чогулуш өткөрмөк болуп жатышат.

Андан сырткары айрым байкоочулар 100 беттен турган Конституциянын тексти түшүнүксүз, добуш берүү жана чечимдерди кабыл алуу эрежелери кошумча критерийлерге жана эрежеден сырт артыкчылык берүүлөргө жык толгонун айтышат.

Мындан мурда Испания менен Польша Конституциянын добуш берүү жана чечимдерди кабыл алуу беренелерине макул болбой келишкен. Серепчилер кабыл алынган Конституция боюнча калкынын саны арбын мамлекеттер көбүрөөк укуктарга эгедер болушканын айтышат.

Келечекте Еврошаркеттин министрлер кабинетинде кайсы бир маанилүү маселе боюнча чечим кабыл алуу үчүн ага өлкө калкынын 55 проценти, ал эми Еврошаркет калкынын 65 проценти макул болууга тийиш. Ал эми юстиция, тышкы, ички саясий жана коопсуздук маселелери басымдуу көпчүлүктүн гана макулдугу менен чечилет. Ошондой эле
Еврошаркеттин мүчөлөрү кабинеттин чечимин убактылуу токтотуп койуп, ал чечимди Европа кеңешинин кароосуна жолдогонго укуктуу. Европа кеңеши болсо жылына төрт гана чогулат. 2014-жылдан баштап өлкөлөрдүн Еврокомиссияда туруктуу өкүлдөрү жойулат жана комиссарлардын саны 18дин дэңгээлине түшүрүлөт.

Ошентип, ар бир беш жылдыкта Еврошаркеттин мүчө өлкөлөрүнүн үчтөн биринде бул маанилүү мекемеде өз өкүлү болбойт. Ушул жана башка толгон-токой эрежелерге сереп салган "Ди Прессе" гезити "Европанын жаңы Конституциясын түшүнүү үчүн адам математикалык дараметке эле ээ болбостон, "көзү ачык болушу" да керек, деп укуп өттү.

XS
SM
MD
LG