Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:35

Кыргызстанда Россиянын маданий күндөрү өтөт


БИШКЕК. Июнь айынын акыркы аптасында Кыргызстанда Россиянын маданий күндөрү өткөнү жатат. Ага катышуу үчүн Москванын вице-мэри Валерий Шанцевдин башчылыгы менен 200 кишиден турган делегация келээри күтүлүүдө. Маданий күндөрдүн алкагында Кыргыстанда эл керектөөчү товарлардын жарманкеси өтүп, Москва модасы көргөзүлөт. Актерлордун, опера ырчыларынын катышуусунда концерттер уюштурулуп, Панфилов атындагы жаңыртылган көргөзмөнүн ачылышы болот.

Ушул эле иш чаранын алкагында эки "тегерек үстөл" өтүп, анда миграция проблемалары жана рынок системасынын калыптанышы талкууланары күтүлүп жатат. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнөн кабарлашты. Кыргызстандын Россиядагы күндөрү былтыр Москвада өткөн.

XS
SM
MD
LG