КАРАКОЛ. Эл аралык деңгээлдеги бул симпозиумга Орусиядан, Казакстандан, Өзбекстандан, Тоолуу Алтай аймагынан өкүлдөр катышты. Анда Кыргызстандагы ден-соолук чыңдоочу жайлардын учурдагы абалы, келечеги жана айрым көйгөйлүү маселелер боюнча докладдар окулуп, пикир алышуулар болду. Симпозиумда айтылган маалыматтарга караганда, ден-соолук чыңдоочу жайларын өнүктүрүүнүн концепциясы иштелип чыгып, Ысыккөл облусунда курортология институтунун бөлүмүн ачуу боюнча демилге көтөрүлмөкчү.