Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:37

МОСКВАНЫН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ КҮНДӨРҮ, НАТОго МҮЧӨ БОЛУУ ЫШКЫСЫ, АЙДАР АКАЕВДИН АЙТКАНДАРЫ


Шайлоо жакындаган сайын тымызын тиреш күчөп, саясий атаандашты жаманатты кылуу аракети от алат. Жума күнкү «Агым» гезити соңку кездери арбын айтыла баштаган биртоп миш-миштердин чын-жалганын тактаган материалдар топтомун жарыя кылды. Кыргызстанда Москва шаарынын күндөрү башталды. Анын ачылыш аземи Бишкекте өтүп, шаң-салтанат республиканын айыл-шаарларында улантылат.

Орусия башкалаасынын Кыргызстандагы күндөрүнүн ачылыш аземи 24-июнда Бишкектеги Токтогул атындагы филармонияда өттү. Орусиянын белгилүү өнөрпоздору майрамдык шаң-салтанатты коштоп, республиканын булуң-бурчунда эл менен кездешип, оюн коюшарын бейшембидеги «Слово Кыргызстана» гезити маалымдады.

Ушул эле гезите С.Чериковдун «Депутаттардын да «кадыр-баркы бар» деген макаласы жарыяланган. «Карапайым адамдардын кайсы бири ушу радикалдардын аркасы менен жакшы турмушка жеткенин эстеген бирөө барбы? Андай жок, булар бакыргандан башканы билишпейт. Биздин радикалдар «кызгылт» төңкөрүш менен ыңкылаптарды ойлогуча бийлик менен ымалага келүүнү үйрөнүп алышса жакшы болор эле», деп жазат макала автору.

«Кыял» элдик кол өнөрчүлөр бирикмеси колунан жулдуруп ийген жерин кайтарып алганын бейшемби күнкү «МСН» гезити маалымдады. Максим Андроповдун жазганына ынансак, «Кыял» өндүрүштүк бирикмесине тиешелүү жерди «Бешсары» фирмасы алгач беш жылга ижарага алып, анын мөөнөтү кийин президенттик акимчиликтин мурдагы жетекчиси А.Карыпкуловдун аракети менен 49 жылга узартылган.

Айрым акционерлер капитализм жаңыдан башбактап жаткан чакта купондорун инвестициялык фонддорго ишенип беришкен. Азыр андай фонддордун кайсы жерде жайгашканын көбү билишпейт, деп жазат бейшемби күнкү «Вечерний Бишкек» гезитинде Любовь Борисенко. 300 акциясы бар жаран эки жыл ичинде 22 сом дивидендге ээ болду. 11 миң акциянын ээси 10 жыл ичинде болгону 80 сом гана пайда көргөн.

Жума күнкү «Агым» гезитинде Жеңишбек Эдигеевдин тышкы иштер министри Аскар Айтматов менен маеги жарыяланган. "Ата-баланын бир системада иштешине мыйзам жол береби?" суроосуна Аскар Айтматов андайга тыюу салынарын айтат.

«Бул жерде биздики мыйзамга дал келбей атат деп эсептебейм. Себеби элчилерди президент өзү дайындайт. Элчилер анын түздөн-түз өкүлү болуп эсептелет. А министр элчилердин ишинин натыйжалуулугуна гана көз салат. Элчилерди мен кызматка койбойм, кызматынан алалбайм», дейт А.Айтматов.

Басылмада Мелис Эшимканов менен Айдар Акаевдин маеги да жарыяланган. Айдар Акаев казинодо ойноп миллиондогон доллар уттурбаганын, Бишкекте бензиндин баасы көтөрүлүп кетишине анын эч тиешеси жоктугун, аялын токмоктобогонун, атасы президент болгондон бери шумдуктуу ушактарды көп укканын билдирген.

Тарыхчы Нуркамил Сазыкеев экономикалык кыйын абалда калган Кыргызстан НАТОго мүчө болуп кириши зарыл экендигин ырастаган «АКШ менен НАТОну чакырам Алатоого!» деген макаласы жарыяланган.

«Кыргыз руху» гезитинин жума күнкү санында жарыяланган материалдар менен басылманын жооптуу катчысы Уулкан Токторалиева тааныштырат:

- «Татыктууларды тандайбызбы?» деген макала, ошондой эле Талас облусунун губернатору Искендербек Айдаралиевдин жумушу, жашоосу, бийлик, байлык жөнүндө маеги жарыяланды. Кабарчыбыздын «Швецияда демократия бар, а Кыргызстандачы?» деген жол очеркине орун берилди. Андан кабарчыбыздын Швециядагы шайлоо, Европа парламентине өкүлдөрдү тандоо кандай жүрөрүн, ал жерден көргөн-билгендерин баяндаган байкоолорун окуй аласыздар. Эстеликтер тууралуу «Таласка төрт Манастын эмне кереги бар?» деген макала жарыяланды.

«Бишкек таймс» гезитинин кызматкерлери жума күндөн тарта бир жарым айга каникулга тарайт. Басылманын жаңы санында Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны өкмөттүн отчетун угушканы тууралуу материал жарыяланды. Андан тышкары басылмада республикадагы маанилүү коомдук-саясий окуяларды чагылдырган кабарларга орун берилген.
XS
SM
MD
LG