Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:41

Ч.БАЕКОВА ПАРЛАМЕНТТЕ МААЛЫМАТ БЕРДИ


25-июнда Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынында Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова өлкөдөгү мыйзамдуулуктун абалы тууралуу маалымат берди. Депутаттар Ч.Баековага эч кандай сунуш-пикирлерин айтышкан жок.

Конституциялык соттун төрайымы мыйзамдуулуктун абалы тууралуу палата алдында биринчи жолу маалымат берди. Ал депутаттарга адегенде соттун милдети жана анын иштөөсүнө негиз берген мыйзамдар тууралуу маалымат берди. Сот башкы баалуулук болгон - адамдын конституциялык укуктары менен эркиндигин камсыз кылуу багытында иштээрин билдирди. Анткен менен былтыр жана быйыл конституциялык укук коргоо боюнча болгону сегиз гана өтүнүч түшкөндүгүн жашырган жок. Арыз эмне себептен аз түшүп жатканынын себебин Чолпон Баекова төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Башка сотторго салыштырмалуу биз көп талаптарды коёбуз. Процессуалдык бардык талаптарды аткаруу кыйын. Бул маселе боюнча адвокаттар жеткиликтүү иштебей жатышат. Алар кылмыш иштерин же жарандардын буюм-тайымдарына байланыштуу иштерди көбүрөөк коргошот. Ал эми Конституциялык сотко келгенде андай буюм, акча өндүрүү жөнүндө маселе болбойт. Бизде Конституция жана жарандардын укуктарын кепилдикке алган мыйзамдар тууралуу гана сөз болот. Бул абдан терең ойлонууну талап кылат. Ушундан улам мамлекеттик бийлик же мыйзам чыгаруу органдары тарабынан мурда кабыл алынган бүтүмдөрдү бийиктикке көтөрүп, маселени жогорку деңгээлдеги Конституциялык сотто кароого жеткирүүгө адвокаттардын кудурети жетпей жатат. Чындыгында, жарандар өз укуктарынын бузулгандыгын сезип эле турушат, бирок кантип кайрылууну билишпейт.

Чолпон Баекова андан тышкары Конституциянын жаңы редакциясына киргизилген айрым өзгөртүүлөр катардагы жарандардын өз укугун коргоо демилгесин басаңдатып койгондугун белгиледи:

- Былтыр Конституциялык соттон укук коргоо чөйрөсүндөгү укук бузуулардын Башмыйзамга ылайык же ылайык эмес экендигин териштирүү укугу алынгандан кийин бир топ жарандар кетенчиктей түштү. Алар Конституциялык сотко ишеними жок, алар сот дагы эле иштей береби же бир күнү жок болобу деген арсар суроодо турушат.

Ал эми депутаттардын көбү Конституциялык соттун ишмердиги эмес, жалпы юрисдикциядагы соттордун иш-аракети тууралуу суроолорду беришип, өлкөдө сотторго эч ким ишенбей калгандыгын белгилешти. Чолпон Баекова Конституциялык сот жалпы юрисдикциядагы соттор кабыл алган чечимдерди жокко чыгарууга укуксуз экендигин жана мыйзамдагы норма конституцияга карама-каршы келер же келбесине гана аныктама берерин билдирди. Бирок жалпы юрисдикциядагы сотторду тандоо, дайындоо жана алардын жоопкерчилигин талап кылган мыйзамдардын жеткилең иштелбегендигин баса белгилеп, соттор мыйзамды бузган кезде бериле турган жаза так жазылган мыйзамдарды кабыл алуу жана азыркы мыйзамдарды тезинен ирээттеп чыгуу зарылдыгын билдирди.

Чолпон Баекованын билдирүүсүнөн кийин жарыш сөзгө чыкпай эле депутаттар маалыматты канааттануу менен угуп, токтом кабыл алышты. «Кыргыз атуулдарынын конституциялык укуктары бузулган учур арбын» деп төрайым Чолпон Баекова мойнуна алган жагдайлар боюнча да суроолорду беришкен жок. Анын себебин депутат Давран Сабиров төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Бүгүнкү күндө палатанын Конституциялык сот чечпеген маселеси жок. Эгер палата берген маселе чечилбей калса биз доомат койсок болот эле.

Палатанын дагы бир депутаты Болот Байкожоевдин пикири боюнча, Конституциянын жаңы редакциясында жарандардын арызын кароо боюнча Конституциялык соттун укугунун чектелиши ага карата жалпы коомдук кызыкчылыкты басаңдатты. Ушундан улам депутаттар маалыматка эле ыраазы болушту.

Палата Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Дүйшөнкул Чотоновдун А.Акаев эмдиги жылы боло турган президенттик шайлоого катышууга укуктуу же укуксуздугун аныктап берүү өтүнүчүн Конституциялык сот качан карарына кызыккан жок.

Ал эми аталган соттун судьясы Марат Кайыповдун билдирүүсү боюнча, аталган арыз сот өндүрүшүнө алынды, бирок качан каралаары азырынча белгисиз.

Эл өкүлдөр жыйыны ошондой эле, 1993-жылы 15 жылдык мөөнөткө шайланган төрайым Чолпон Баекованын иштөө мөөнөтү Конституциянын жаңы редакциясына ылайык аяктады деп, судья Марат Кайыповдун өткөн жылдын 7-майында парламентке жолдогон каты боюнча кеп козгошкон жок.

Болот Байкожоевдин айтымында, депутаттарда ал кат жөнүндө маалымат жок. Кат эмне үчүн эске алынбай калгандыгын билбестигин кабарлаган судья Марат Кайыпов бул маселе качандыр бир кезде козголуп, азыркы төрайым кол коюп, кабыл алынган чечимдер боюнча талаш чыгат деген ойдо:

- Менимче, бул маселе кийинчерээк көтөрүлүп чыгат. Ушул эле Конституциялык соттун чечими Кыргызстандагы саясий бир күчтүү кыймылга жакпай калат. Анан алар маселени козгоп чыгышы толук мүмкүн. Саясий кырдаал курчуган учурда алар «бул чечим туура эмес, ага туура эмес кол коюп койгон» дей башташат.

XS
SM
MD
LG