Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:42

Москвалык делегация Ысыккөлдө болду


КАРАКОЛ. Меймандарды Москва шаарынын вице-мери Анатолий Петров баштап барды. Аларды облустун губернатору Токон Шайлиева жана Каракол, Чолпоната шаарларынын коомчулугу жылуу маанайда тосуп алышты. Касымалы Жантөшов атындагы Ысыккөл музыкалык драма театрында коомчулук менен жолугушуу учурунда Улуу Ата Мекендик согушта Москва алындагы согушка катышкан ардагерлерге материалдык колдоо көрсөтүлдү. Ошондой эле москвалык өнөрпоздор кеңири программадагы концерт тартуулашты. Орусиялык меймандар Каракол шаарында "Улан" заводу, Жетиөгүз районундагы "Кой сары", "Аскер деңиз флоту" жана "Озеро" биргелешкен ишканасы менен таанышышты. Ошондой эле орустун улуу саякатчысы Пржевальскийдин эстелигинде, анын музейинде жана Чолпоната шаарындагы "Рух ордо" маданий комплексинде болушту.

XS
SM
MD
LG