Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:36

Конституциялык сот Акаевдин шайлоого катышуу укугун карамакчы


БИШКЕК. Конституциялык сот Аскар Акаевдин 2005-жылдагы президенттик шайлоого катышуу укугун кароону болжоп жатат. Ал үчүн Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны Конституциялык сотко өз өкүлүн жибериши керек. Мындай пикирин Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова кечээ Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынындагы сессия маалында журналисттерге билдирди.

Бул маселеге байланыштуу Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Дүйшөн Чотонов Конституциялык сотко арыз жолдоп, анда кош палатанын мамлекеттик түзүлүш, конституциялык мыйзам жана мыйзамдуулук боюнча комитеттеринин бири-бирине кайчы чечимдерине тактык киргизип берүүнү сурап кайрылган.

Себеби Аскар Акаевдин келерки шайлоого катышуу-катышпоо укугун аныктап берүү суранычы менен депутат адегенде эки комитетке кайрылган. Бирок Мыйзам чыгаруу жыйынынын аталган комитети Акаевдин шайлоого барууга укугу жоктугун, ал эми Эл өкүлдөр жыйыны шайлоого катышууга укугу барын белгилеген чечим чыгарып берген.

Кийинчерээк депутат Чотоновдун ушул кайчы чечимдердин негизинде былтыр декабрда жолдогон арызын быйыл жыл башында Конституциялык сот өндүрүшкө алган.
XS
SM
MD
LG