Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:53

Феликс Куловго жолугууга мүмкүндүк берилбей жатат


БИШКЕК. «Арнамыс» партиясынын абактагы лидери Феликс Кулов менен жолугушууга мүмкүндүк берилбей жатат. Бул тууралуу аны менен 27-июнда жолугушууга аракет жасаган укук коргоочу Турсунбек Акун бүгүн билдирди. Анын айтымында, Куловду оппозиция өкүлдөрү менен жолуктурбоо тууралуу жашыруун буйрук бар. Ошондуктан азыркы бийлик сакталып турган чакта Кулов шарттуу түрдө боштондукка чыгарылбайт. Андан сырткары Куловдун чыгышы менен өлкөнүн саясий айдыңында олуттуу өзгөрүүлөр болоорун бийлик билет, деп белгиледи Турсунбек Акун. Ал эми Жаза өтөө мекемелердин башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Батыр Сапарбаевдин билдирүүсүнө караганда, ар бир абактагы киши менен жолугушууга белгиленген графиктин негизинде убакыт берилет. Балким Турсунбек Акун ошондой графикке туш келбей калса керек, дейт Сапарбаев.

XS
SM
MD
LG