Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:24

НАТОнун Стамбулдагы саммити аяктады


Анда Иракка өлкөнүн коопсуздук жана чек ара күчтөрүн окутуп-машыктырууда жардам берүү, Ооганстанда НАТОнун командачылыгы астындагы аскерлердин санын көбөйтүү чечими кабыл алынды. АКШ президенти Жорж Буш Стамбул университетинде сүйлөгөн учурунда саммиттин чечимдери тууралуу мындай деди:

-НАТО Ооганстанда коопсуздукту камсыз кылууда. НАТО суверендүү Ирактын коопсуздук күчтөрүн машыктырууга макул болду, бул чоң жардам жана Ирак элинин ийгилиги үчүн маанилүү. Стамбулда биз Жакынкы Чыгыштагы реформалар жөнүндө көп сөз кылдык. Себеби калктардын баары жакшы өкмөткө татыктуу жана террор эркин элдердин куралы эмес.

Коопсуздук күчтөрүн даярдоодо жардам берүүнү өтүнүп, Ирактын утурумдук өкмөтү НАТОго саммит ачылаар алдында кайрылган эле. Машыктыруу кантип жана каерде өткөрүлөөрү келечекте иштелип чыкмакчы. Ал эми Ооганстан сентябрдагы шайлоону утурлай НАТО башкарган аскерлердин саны азыркы 6,5 миңден 10 миңге көбөйтүлөөрү жөнүндөгү чечимди кубаттады. НАТО лидери ошондой эле Стамбулда Орусия, Украинанын, "Тынчтык үчүн өнөктөштүк" программасына катышкан өлкөлөрдүн расмий адамдары жана жетекчилери менен кездешти.

XS
SM
MD
LG